super.kg logo

Нью-Йорк шаарындагы зоопарктан дагы 4 жолборс менен 3 арстандан коронавирус аныкталды

 

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс зоопаркында жашаган 4 жолборс жана 3 арстандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу зоопарктын администрациясы маалымат таратканын, чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, зоопарктагы төрт жолборс жана үч африкалык арстан жөтөлө бергендиктен алардан тест алынган. Жыйынтыгында алардан коронавирус инфекциясы аныкталды. Азыркы учурда жапайы жаныбарлар өздөрүн жакшы сезип калышкан.

"Алар кадимкидей жүрүп, кадимкидей тамак жеп калышты жана жөтөлгөндөрү дагы азайды" деп билдиришкен зоопарктын кызматкерлери.

Буга чейин аталган зоопарктагы Наде аттуу төрт жаштагы жолборс зоопаркка көрүүчү катары келген адамдан коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: