super.kg logo

Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов: "Өйдө-төмөн сөздөрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу"

 

20-апрелде ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев оорудан улам дүйнө салган. Ал эми кечээ, 22-апрелде эл кадырлаган алп акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Интернет өнүккөн заманда акындын өлүмүнөн пайда издеп, каналына катталуучу топтоону көздөгөндөр көп экенин социалдык тармактын колдонуучулары айтып, алардын кадамы туура эмес экенин жазып жатышат. Ага карабай алп акындын өлүмүнө байланыштуу эки тараптуу кайчы пикирлердин аягы суюла элек.

Айтылган пикирлерге чыдап отура албасын айтып, маркум ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин күйөө баласы Мирзат Муканов агынан жарылып, жеке баракчасына муңдуу ой-пикирин жазып чыкты.

"Тилди тишке катып, унчукпай отуруу болбойт экен. Ар ким ар нерсени айтып жатат. «Атаңды "Тез жардам" менен ооруканага алып кетти» дегенден тарта түбѳлүк жайына жайгашуусуна чейин жанында жүргѳн адам катары, күйѳѳ баласы катары менин деле пикир айтууга акым бардыр?

Дегеним «антпей коюшуптур, минтип коюшуптур» деген сыяктуу кептер эч нерсеге татыбайт! Түшүнүктүү, "Кулак укса курсак кайнайт" болуп жатышы мүмкүн. Бирок ошол сыяктуу сѳздѳр бир тыйынчалык пайда алып келээрине кыпындай эле ишеним болсо, үч уктаса түшкѳ кирбеген чоң жоопкерчиликти моюнума алып, сѳѳктү алып кетүүгѳ ѳз колум менен арыз жазып бербес элем. Албетте, ал иштин бардыгы атамдын бир туугандары, жакындары менен кеңешилип, макулдашылып ишке ашты.
Биздин ѳтүнүч, эми ѳйдѳ-тѳмѳн сѳздѳрдү токтотуп, арбакты сыйлап, тынч коёлучу! Чын эле атам үчүн күйүп-бышкандар – багыштап куран окуйлу. Куттуу ай келип олтурат. Ошол учурда ѳтүп кеткен киши тууралуу ар кандай кептер айтылышы орундуу болбостур. Ѳзүн ЖМК санагандар ал маалыматтарды таратуу менен абийир таппастыр.

Талаш жок, жакын санаалаштары аз эмес эле. Атамды урматтаган адамдар кѳп болгон үчүн аза күткѳн жакындарына куурай башын сындыртпай, зыйнатын уюштуруп беришти. Тыюуга карабай, жанын оозуна тиштеп, топурак салууга келгендер кѳп болду, жалпы журту түп кѳтѳрүлѳ аза күттү. Бирок биздин баамыбызда, Элмирбек Иманалиевдин атын ѳз кызыкчылыгына пайдаланып калууну кѳздѳгѳн «достор», «сырдаштары» жайнап чыга келди. Аларга атамдын эки сап ыры менен гана жооп берүү орундуу деп эсептейм", - деп жазып, аягын Элмирбек Иманалиевдин эки сап ырын мисал келтирүү менен аяктаган билдирүүсүн Муканов.

Өлүмдѳн да бакыт издешет,

Өлгүр, «өкүмат» болуп көнгөндөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
23.04.2020. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллах таалам ракматылык Элмирбек агабыздын жаткан жерин жайлуу, кара корун жарык, кабыр сурактарын женил кылсын, куйоо баласы сиз азамат экенсиз, сиздерге сабыр тилейм
23.04.2020. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тилде соок жок дейт, суйлочулор суйлой берсинда, ага деле конул бурбайле койгула, Элмирбек агайдын ыры менен чонойгон элем, жаш Кетти, Арга жок ач арбак кайсы убакта келеерин Бир Гана Аллах билет, жаткан дери жайлуу болсун, билип бильбей кетирген куноолорун Аллахым кечирсин, балдарына , бир туугандарына бир гана сабыр тилейм
23.04.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Жаткан жери жайлуу болсун. Ырыскысын Тенирим озу берсин.
24.04.2020. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыйманы саламат болсун бейиштен орун берсин Курандан башка айла жок экен сабыр тилейм кыргыз элим тынч аман бололу
24.04.2020. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
чын эле абдаан кайгырып турам. Элмирбектин олуму мени чыйралтты. жакында эле 60 жаштагы атам олду. азап чегип чунчуп бараткам. Жаш кетти деп сыздап аткам. Атам гоо 60 жашка чыгыптыр кыздарынан 7 небере коруптур. Уулдун урматын кыздын кызматын бир аз болсо да коруп кетти. Арманыбыз келин албай, келиндин колунан чай ичпей калды.... Оффффф а Элмирбекчи жапжаш... 42 гана жашта. Эрте уйлонуп жакшы кылган экен. Жок дегенде 2 небере корду............
24.04.2020. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми калган омурун артында калган уул-кыздарына, неберелерине, жубайына, жакындарына берген болсун. Баарына сабр. Атама куран окулганда Элмирбектин атын кошуп атап атам(((((. Аллахым аталарыбызды оз мээримине алган болуп, кабырын нурлуу кылып, Жаннаттын бакчаларынан орун берген болсун.
24.04.2020. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aizirek...,суйлордо ойлонуп суйлогулочу омуру калганда озу жашамак.ар кимге омурду ар турдук берет бирине кыска бирине узун.калган омурун балдарына берсин дебей балдарынын омуру атасына окшобой узун Болсун десе туура болот
24.04.2020. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum, соокто тил жок
24.04.2020. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура суйлоптур,азаматсын.жаткан жери жайлуу болсун! баарыбыз эртен не болушубузду билбейбиз,пешенеге эмнени жазса коробуз.ушул жерден да эл менен бийликтин ортосуна от жагып суйлогондор эсен эле болгула.саясий упай топтогунар келсе башка жака барып аракет кылгыла.кимдин кандай экенин эл деле билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: