super.kg logo

Өзбекстандын биринчи айымы фонд түзүп, ишин муктаж болгон 5 миң аялга жардам көрсөтүү менен баштады

 

Өзбекстандын биринчи айымы Зироатхон Хошимова "Zamin" аттуу фонд түзүп, аны жетектей баштады. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, фонд өлкөдөгү муктаж болгон 5 миң аялга жардам көрсөтүү менен өз ишин баштады. Беш миң аялга берилүүчү жардамдын көлөмү 5 миллиард сумду түзөт. Биринчи айым бул жардам орозо айында карантин учурунда зарыгып жаткан үй-бүлөлөргө аз болсо да кубаныч алып келет деген оюн айткан.

"Zamin" фонду узак мөөнөттөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлдү. Ал айлана чөйрөнү коргоого, угуусу начар балдардын билим алуусун жакшыртууга, социалдык сферага инновациялык технологияны киргизүүгө жардам көрсөтүүнү пландап жатат. Фонддун бюджети демөөрчүлөрдөн келген акчадан жана эл аралык уюмдардан келген гранттардан түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
24.04.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизнесмен менен иш кана жетекчилерин эми фондго деп кыйнап баштайт экен да бизде да Мээрим фондго деп убагында буйрук беришчү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: