super.kg logo

Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн биринен коронавирус аныкталган. Калгандары эмнеге үй карантининде? Министрликтин түшүндүрмөсү

 

17-апрелде Стамбулдан өлкөгө Кыргыз жарандары келишкен. Алардын арасынан бир жүргүнчүдөн коронавирус аныкталганы, аны менен учакта чогуу келгендер үй карантининде экени 23-апрелде белгилүү болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан жүргүнчүлөр эмнеге үй карантининде деген суроого түшүндүрмө беришти.

"Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн баары алгач обсервацияга алынып, ПЦР-тест тапшырган. Ага ылайык, бир жүргүнчүдөн вирустун белгилери бар деп, калгандарынан жок деп чыкты. Вирус аныкталган жаран ооруканага жаткырылды, аны менен бир учакта келгендер үй карантинине жиберилип, жашаган аймагы боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык, биринчи алынган ПЦР анализдеринин жыйынтыгы вирустун белгилери жок чыкса анда жарандар үй карантинине жиберилет же обсервацияда калат. Тагыраагы чет өлкөдөн учуп келген жарандар үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн сурамжылоо толтурушат. Эгер шек жаралбаса, үйүндө карантиндик шартты аткарганга мүмкүнчүлүгү бар болсо алар үйгө чыгарылат, ал эми карантинди сактоого шарты жок же шек жараткандар болсо алар 14 күнгө обсервацияга жиберилет", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
24.04.2020. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ,бироонон чыкса канча саат чогуу учуп келишти,ой жоккен буларда
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-24 16:44:47
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: