super.kg logo

Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди

 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-мартта мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен бул калктуу конуштарды жана айыл аймактарды социалдык, экономикалык, экологиялык жана курулуш багыттарында комплекстүү өнүктүрүүнү пландаштыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

Мыйзам менен төмөндѳгү калктуу конуштар айыл категориясына киргизилген:

— Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу;

— Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык калктуу конушу;

— Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки жана Шортон калктуу конуштары;

— Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак калктуу конушу;

— Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш жана Жапалак калктуу конуштары;

— Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичи-Алай калктуу конушу;

—Ноокат районундагы Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак калктуу конуштары;

— Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан калктуу конуштары;

— Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма калктуу конуштары.

Ошондой эле мыйзам менен жаңы түзүлгѳн айылдардын схемалык карталары бекитилген.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.04.2020. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак-Ордого уйго качан документтер бериле баштайт?
24.04.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Военно антоновкада бир канча гектар айыл чарба багытындагы жердерге узлы китеп чыгарып берип сатыл салышкан. Эми байкуштар канча жылдан бери уй салалбай журушот. Себеби курулуш баштаса эле кубалашат. Эгер уруксаты жок болсо, анда не госрегистр кызыл китеп чыгарып берип элди алдаганы учун жооп бербейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: