super.kg logo

17 жашында апасынан айрылган. АКШнын кара тизмесине кирген. Түндүк Корея лидерин алмаштырчу адам ким?

 
2018-жыл.Түштүк Кореяда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде
2018-жыл. Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин менен.

Дүйнөлүк басылмалар Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугу начарлап кеткендиктен, анын ордун кичүү карындашы Ким Ё Чжон басышы мүмкүн экенин жазышууда. Себеби 2019-жылдын аягында Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин пленумунда Ким Чен Ын күтүлбөгөн жерден каза болуп калса, бийлик анын карындашы Ким Ё Чжонго өткөрүлөт деген чечим кабыл алынган.

Ким Ё Чжон үч бир туугандын эң кичүүсү. Ал 1987-жылы (кээ бир булактарда 1988-жылы) 26-сентябрда Пхеньян шаарында төрөлгөн. 1996-2000-жылдары Швейцариянын Берн шаарындагы мектептердин биринде башталгыч класста окуган. 2007-жылы ал Пхеньяндагы Ким Ир Сен Университетин Информатика адистиги боюнча бүтүрүп, башкаруучу Кореянын Эмгек партиясына кошулган. Ал Түндүк Корея лидеринин эң ишенимдүү адамдарынын бири.

2015-жылы Чой Сонг аттуу мамлекеттик чиновниктин баласына турмушка чыккан деп айтылат. Бирок Түндүк кореялык басылмалар бул маалымат калп экенин жазып чыгышкан. Ушул эле жылдын май айында наристе күтүп жүргөн. Кээ бир маалымат булактары наристенин атасы өзү окуган Ким Ир Сен университетинин бүтүрүүчүсү болушу мүмкүн экендигин жазышууда.

2017-жылдын январь айында ал АКШнын Каржы министрлиги тарабынан Түндүк Кореядагы адам укуктарын бузгандыгы үчүн кара тизмеге киргизилген.

2018-жылы 9-февралда Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышкан. Бул эки өлкөнүн согушунан кийин, Түштүк Кореяга биринчи жолу барган мамлекеттик адам болгон. 10-февралда аталган өлкөнүн президенти Мун Чжэ Ин менен жолугуп, байкесинин жеке катын тапшырган. "Чынын айтсам мен бул жерде болуп калам деп ойлогон эмесмин. Мага баары күтүүсүз болду. Мага бул өлкөгө келгенде баары кызыктай, башкача болот деп ойлогом", - деп билдирген түшкү тамактануу учурунда Ё Чжон.

Ким өлкөнүн тарыхындагы саясий аренада ушундай ийгиликке жетишкен экинчи аял болду. Биринчи аял анын таежеси Ким Ген Хи болгон.

Эксперттер Ким Ё Чжон коомдук мамилелер менен алектенип жаткандыгын, ошондой эле анын катышуусу менен Түндүк Кореядагы бардык маанилүү иш-чаралар уюштурулуп жаткандыгын билдиришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.04.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Татуаж, наращиваниеси жок табигый жургонуно баа бердим
25.04.2020. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
матриархат болобу ошондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: