Түркиядан чартердик каттам менен 349 жаран Бишкекке келишти. Аларды "Манас" аэропортунан тосуп алышты





Бүгүн, 24-апрелде Стамбулдан 349 жаран Бишкекке келишти. Алар отурган учак "Манас" эл аралык аэропортуна конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Стамбул-Бишкек чартердик каттамын "Түрк аба жолдору" компаниясы ишке ашырды. Буга чейин каттамдары токтотулган Кыргыз жарандарынан бүгүн 349у өлкөгө алып келинди.
Чартердик каттам 10-апрелде Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын видеосаммиттин жүрүшүндөгү макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды. Учурда чет өлкөдө калган жарандарды мекенге алып келүү иштери улантылып жатат", - дешти маалымат кызматынан.
Ал эми республикалык штаб Стамбулдан 351 жаран учуп келди деп кабарлашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(3)
Nureles92

24.04.2020. 14:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшылап текшергиле эми таныш билиш болуп кетпесин бул жерде да
muras111211

24.04.2020. 15:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мекендештерибиздин өз мекенине келгени жакшы болуптур,эми аларды текшерип таза чыкса үй карантинге кетирип койбой,обсервацияга жаткыргыла,уй карантинин эч кимиси бузбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Almaz_kg

24.04.2020. 17:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обсервацияга алгыла баарын.Алгаритиминер туура эмес иштейт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.