super.kg logo

"Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда эки адам коронавирус жуктуруп алдыбы?" Коменданттын жообу

 

Бүгүн, 24-апрелде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева онлайн маалымат жыйын берип жатат.

Жыйында "Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайда эки адам коронавирус жуктуруп алдыбы?" деген суроо узатылды. Буга комендант Жеңишбек Жоробеков төмөндөгүдөй жооп берди:

"Өзгөчө абал кирген соң бир топ мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинен укук коргоо жана жаза аткаруу кызматтарынын иш тартиби өзгөргөн. Маалым болгондой, тергөө амалы жүрүп жаткан, шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайда турат. Соттун чечими чыгып, күнөөсү далилденсе, алар кылмышкер катары жаза аткаруу жайларына жеткирилүүгө тийиш.

Бирок акыркы мезгилдеги эпидемиологиялык абалга байланыштуу убактылуу кармоочу жайлардагы жарандарды жаза аткаруу мекемелерине жеткирүүдөн мурун милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп жатат. Ошондуктан 17-апрелде убактылуу кармоочу жайлардагы 9 жарандан тест алынган. Арасынан эки жарандын тапшырган тесттеринин жыйынтыгы толук чыга элек болчу. Ошол учурда кээ бир жарандар социалдык тармактар аркылуу туура эмес маалымат таратып жиберишкен экен. Ал жакта убактылуу кармоочу жайда эки адам оору жуктуруп алды деген сөз айтылган. Бүгүнкү күндө биз ал сөздөрдү четке кагабыз. Аталган эки жаран кечээ, 23-апрелде тест тапшырып, ал таза чыкты".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: