super.kg logo

Вице-премьер Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту

 

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр өлкөгө медициналык эксперттер тобунун өз учурунда келгендигин жана жер-жерлерде ата мекендик медициналык кызматкерлер менен биргелешкен кызматташуусу орун алып жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө адистердин байкоолорунун жыйынтыгы чыгарылып, кыргыз адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алмашуу орун алды. Өз кезегинде польшалык медицина кызматкерлери кыргыз дарыгерлеринин кесипкөйлүгүнө жана ооруканалардын жабдылышына жогору баа берди.

Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын дарыгерлерине жана Польшадан келген медициналык эксперттерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Польшадан келген дарыгерлер тобу Кыргыз Республикасынын аймактык ооруканаларына барып, биздин медицина кызматкерлери менен биргеликте оорулууларды карап чыгып, медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуу себептерин талдоого алышат.

19-апрелде Кыргыз Республикасына Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген. Медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы ата мекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: