super.kg logo

"Бүгүнкү күнү чет мамлекеттердеги 4 миңден ашуун Кыргыз жараны өлкөгө кайтууну каалашууда" дейт тышкы иштер министринин орун басары

 

Мекендештерди өлкөгө кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары менен иш алып баруу тууралуу айтып берди. Бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү 4 миңден ашуун жаран Кыргыз өлкөсүнө кайтууну каалашууда.

"Дүйнөдө коронавирус жайылган учурдан тартып Кыргыз өлкөсүнө Тышкы иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын аракеттенүүсү аркылуу жалпысынан 6767 Кыргыз жараны өлкөгө кайтарылган", - деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, башка мамлекеттерден мекендештерди кайтаруу иштеринин алкагында, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери тарабынан жарандардын аты-жөнү жазылган тизмеси түзүлүп, аларды өлкөгө алып келүү жолдору жана каттамдары изделүүдө.

"Жарандарыбызды ташуу үчүн коммерциялык чартердик рейстер уюштурулууда. 25-мартта жана 17-апрелде Түркиядан 410 жаран, 22-апрелде Новосибирсктен 176 жаран келген. 24-апрелде Стамбул-Бишкек каттамы менен 351 адам учуп келди. Чартердик каттамдарды уюштуруу пландаштырылган, бир катар башка өлкөлөрдөн жарандарыбызды кайтарып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатабыз", - деди Нурлан Абдрахманов.

Жыйындын жүрүшүндө лабораторияларды тест-системдери менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигине, Тышкы иштер министрлигине тест-системдерин сатып алуу жана өлкөгө жеткирүүнү уюштуруу иштерин күчөтүү тапшырылды.

"Мен буга чейин белгилегендей, тест-системдердин запасы бизде дайым болушу керек. Бул боюнча үзгүлтүксүз иш жүргүзүү кажет. Лабораториялар толук кандуу иштөөгө тийиш. Жакынкы мезгилде 49 конуштун, Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардын жашоочуларын текшерүү, зарылдыгына жараша тест алуу башталат. Мындан тышкары биз жаңы аба каттамдарды күтүүдөбүз. Бардык тармактык кызматтар толук даяр турушу шарт, эч кандай катачылыктар жана иштеги жетишсиздиктер болбошу керек", - деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.04.2020. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чартерине ....москвадан качан чыгарып кетет кыргыздарды
25.04.2020. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадан качан рейстерди ачат жок дегенде бир жумада бир учак каттап турса жакшы болот эле. Жок дегенде автобустарга уруксат берсин Орусия, Казакстан менен сүйлөшүп, акчабызды өзүбүз төлөп кете беребиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: