Өкмөт башчы жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты







Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарында жазгы талаа иштеринин жүрүшү жана ирригациялык объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муну менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Ата районундагы Киргшёлк жана Жээк айыл аймагындагы ирригациялык түйүндөрдү реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
"Жер, суу жана жагымдуу климаттык шарт - бул биздин башкы байлыгыбыз. Акыркы учурларда биз ирригация маселесин жөнгө салуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө маани берип келе жатабыз. Өлкөбүздөгү бардык айылдарга сугат суусу жеткендей болуш керек. Ирригациялык объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жогоруда айтылган максатка жетүүгө мүмкүндүк берерине ишенем. Суу ресурстарына байбыз, аны жергиликтүү агроөнөр жай комплексинин өнүгүшү үчүн сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуубуз керек", - деди премьер-министр.
Ошондой эле өкмөт башчы Ысык-Ата районундагы экспортко багытталган айыл чарба өндүрүшү боюнча иш алып барган фермердик чарбага барып, анын айдоо аянтын көрдү.
Ишинде өндүрүштүн эң алдынкы европалык технологияларын колдонгон ишканалардын жетекчилери жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө маселе жок экендигин айтышты.
Мухаммедкалый Абылгазиев өндүрүштө ресурстарды оптималдуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү шарттаган заманбап технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
"Агрардык секторго ондогон жылдар бою тийиштүү маани берилбей жана мамлекет тарабынан көңүл бурулбаган тармак катары калып келген. Бүгүн биз айыл чарбасына, асыл тукум чарбачылыгына артыкчылыктуу маани берүү зарылдыгын, аларды өнүктүрүүгө шарттарды түзүү керектигин түшүнүп калдык. Бул кризистик шарттарда, базарларда айрым азык-түлүк продуктуларына убактылуу тартыштык байкалганда айкын болду. Кезектеги ирет азык-түлүк өндүрүшүн көбөйтүү зарылдыгын көрсөттү. Бүгүнкү күнү мекендештерибиз агрардык чөйрөдө заманбап технологияларды колдонуп, жаңы сортторду киргизип, керектүү билим алып, экологиялык жактан таза азыктарды өстүрүп, алардын бир бөлүгү экспортко чыгып жатканы кубандырат. Алдыңкы чарбалардын ийгилигин өлкөдөгү башка дыйкандар да үлгү катары колдонушууда", - дейт ал.
Премьер-министр жазгы талаа иштерин тиешелүү деңгээлде өткөрүүгө, ирригацияны өнүктүрүүгө жана айыл чарба долбоорлорун илгерилетүүгө тийиштүү бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

