super.kg logo

Өкмөт башчы Токмоктогу сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши маанилүү окуя экенин айтты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарында Токмок шаарындагы сүт азыктарын кайра иштетүүчү заводго барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы бул заводдун уникалдуу тарыхы бар жана өндүрүштүн ишке кириши - бул маанилүү окуя экенин белгиледи.

"Ишкана 1974-жылы курулган жана анын бай тарыхы бар. СССР ыдыраганда заводдун иши да токтогон. Бүгүнкү күндө инвесторлордун салымынын негизинде сүт заводу кайрадан ишин баштады. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 250 тонна сүттү жана айына 5 миң тонна даяр продукцияны түзөт, анын 90 пайызы экспорттолот. Завод продукциянын жогорку сапатын жана коопсуздукту камсыз кылган европалык алдыңкы технологиялар боюнча иштейт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал аппараттык цехти, аралашма май жана катуу сорттогу сыр, кургак сүт чыгаруучу жана сүт куя турган цехтерди көрүп чыкты.

Учурда заводдо 100гө жакын жумушчу иштейт. Өндүрүш толук кандуу ишке киргенде ишканада 600гө чейинки жумуш орду түзүлөт. Ишканага 1,5 миллион доллар инвестиция катары салынган. Заводдун имараттары менен курулмалары оңдолуп, жабдуулары модернизацияланган.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча заводго колдоо көрсөтүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Токмок шаарындагы дан эгиндерин кайра иштетүүгө жана ун, макарон азыктарын чыгарууга адистешкен ун чыгаруучу заводго барды.

Премьер-министр өндүрүштүк имараттарды, кампаларды көрүп чыгып, ишкананын мүмкүндүктөрү менен таанышты.

Өкмөт башчынын айтымында, мындай ишканалардын ийгиликтүү ишмердүүлүгү миңдеген жумуш орундарын түзүү жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү аркылуу мультипликативдүү таасир берүүнү шарттайт. Муну менен катар мындай өндүрүштөрдүн натыйжалуу иши – бул мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугуна кошулган салым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.04.2020. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү куруп бергенсип, уялышпай жеке ишкерлер өз күчү менен курган иш каналарга бара беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: