super.kg logo

"Жубайы менен таарынышып кеткен". Жети-Өгүздө 30 жаштагы жаран травматикалык тапанча менен өзүн-өзү атып салды

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 30 жаштагы жаран травматикалык тапанча менен өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрель күнү Жети-Өгүз РИИБине "Тез жардам" кызматынан маалымат келип түшкөн. Анда 1990-жылы туулган жаран алган жараатынан улам каза болгону айтылган.

"Маркум жубайы менен таарынышып, ал төркүнүнө кетип калган. Мындан улам ал классташтары менен жубайына барып, аны алып келмекчи болгон. Ал эми алар бара турган унаа маркумдун милиционер классташына таандык болгон. Алар жолдо бара жатып, маркум жубайын үйдөн алып кеткен бажасына телефон чалган. Ал телефонду кайненесине берип, бирок ал трубканы коюп салган. Ал кайра бажасына чалып, жолугуп сүйлөшүүнү суранган. Ошол малда ал классташтарын унаадан сыртка чыгып туруусун суранган. Көп өтпөй унаанын ичинен тапанчанын үнү чыккан.

Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Ал эми тапанча кимге тиешелүү экени азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
24.04.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сабырдуу болгула адамдар, бул жашоого сыноо үчүн келгенбиз, сыноодон сынбай сабырдуулук менен жеңишибиз керек. Өзүн өзү атып алды кимге пайда кимге зыян, бир үй-бүлөө бузулду, балдары болсо атасыз калышты, милицияда иштеген машинасын берген досу эми не күндү көрөт?
24.04.2020. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олгондун озунун шору дейт.
25.04.2020. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чымчыктын да уясы бузулбасын дейт го,бирок ошон учун эле оз жанын кыйбай эле койсо болмок.Эми аялы да окунсо керек.
25.04.2020. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мүмкүн!!! Жанындагы балдар атып салган жокбу ?
25.04.2020. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайнене өзүн курска салыптырда
Биир Жалдыратайын күйө баланы деп
25.04.2020. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сабырдуу болуш керек да. Кайненеси экоонун ортосуна копуро болуш керек болчу. Олгон озунун Шору болуптур да. Аялы эртеге эле унутуп,дагы бироого тийип алат. Эгер балдары болсо,балдарына эле кыйын болот да.
25.04.2020. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшылап териштириш керек,арак ичилген эмеспи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: