super.kg logo

8 миңден 120 миң сомго чейин. Өлкөдө коронавируска кабылган бейтапты дарылоого орточо эсеп менен канча каражат сарпталары айтылды

 

Өлкөдө коронавируска кабылган жаранды дарылоого орточо эсеп менен 8 миңден 120 миңге чейин каражат керектелет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Анда бир бейтапты дарылоого сарпталган каражат оорулуунун илдетинин даражасына жараша болору айтылат.

"Кыргыз өлкөсүндө вируска кабылган бир бейтапты дарылоого орточо эсеп менен 8 миңден 120 миң сомго чейин каражат керектелет. Каражаттын аз же көп сарпталышы оорунун даражасына жараша болот. Көрсөтүлгөн суммага дары-дармектер, стационарда жаткандыгы үчүн (коммуналдык кызматтар, тамак-аш), дарылоодо колдонулган буюмдар, изилдөө жүргүзүү жана анализ алуу кызматтарына кеткен чыгашалар кирет", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 24-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары онлайн жыйын өткөргөн. Анда "Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган бейтапка 3000 доллар коротулуп жатканын билдирди, бизде бул жагдай кандай каралууда?" деген суроо узатылган. Нурболот Үсөнбаев ал боюнча: "Бизде бир бейтапка канча каражат жумшалып жатканы азырынча так эсептелинип бүтө элек. Болжолдуу ошол эле сумма коротулуп жатса керек", - деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
25.04.2020. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коой анчалык деле көп эместир,аз-маз кошуп койбодуңузбу 《урматтуу 》 министр???
25.04.2020. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо эмне дегинер келип турат???
25.04.2020. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жегенден калганын коротуп жатабыз деп койбоптур.
25.04.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
600 доллардык кычкач (атиш) мындай эле болуп калыптырго, Беш кол эмес бутуңардын тизесине чейин тыгып алыпсыңар го Койгула кичине түшкүлө Жесеңер да ынсап менен жегиле да сөөгүн калтырып дегендей Форма тесттер гумпомощ болуп келип атса
gitaris93 түзөттү 2020-04-25 12:19:27
25.04.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл баарын билип туратко каяктагы 120 мин озунордун чонтогунорго кетотатта кебир ооругандар дары ичпейле айыгып чыгып кетотса
25.04.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тоголок дары бербей эле,ушунча акча каякка кетип жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: