Казакстанда коронавируска кабылгандар 2 жарым миңге чукулдады. 31 бейтаптын абалы өтө оор экени айтылды
Коңшу Казакстанда коронавирус аныкталгандардын саны бүгүн, 25-апрель саат 11:00гө карата 2 миң 486га жетти. Анын ичинен 604ү илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылса, 25и каза болду.
Казак басылмалары жарыялаган маалыматка ылайык, стационарларда дарыланып жаткан бейтаптардын көбүндө вирустун белгилери байкалбайт. 290 бейтаптын абалы оор болсо, дагы 31 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Ооруга кабылгандардын ичинен 5 жашка чейинки балдар 61ди түздү. Мындан тышкары 50 бейтап 5-10 жашка чейинкилер, 58 бейтап 10-15 жашка чейинкилер экени айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.