super.kg logo

Кыргыз өкмөтү Орусиядагы жарандарына жардам иретинде 4 миллион сом которду. Элчилик каражат кандай бөлүштүрүлөрүн айтты

 

Кыргыз өкмөтү Орусиядагы жарандарына эпидемиологиялык кырдаалда жардам берүү үчүн 4 миллион сом которду. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен маалымдашты.

Кыргыз өкмөтү Орусиядагы элчиликке 10 миллион сом бөлүүнү чечкен. Ошондон бери финансылык жардамдын бөлүнүшү тууралуу жарандардан түшүп жаткан суроолорго байланыштуу элчилик маалымат берүүнү туура көргөндүгү жазылат маалыматта.

"25-апрелге карата элчиликтин алдындагы штабга 4 миллион сом которулду. Кыргыз өкмөтүнүн чечимине ылайык, жардам көрсөтүүдө накталай акча таркатуу каралбагандыгын белгилеп кетебиз.

Келип түшкөн финансылык жардамды бөлүштүрүү иши элчиликтин алдындагы Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидер жана активисттеринин катышуусундагы атайын комиссия тарабынан жарандардын кайрылууларынын белгилүү бир категорияларына жараша каралат. Штаб бөлүнгөн акча каражат - 4 миллион сом өтө муктаж жарандарга, тактап айтканда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге, кош бойлуу аялдарга, жашы улгайган жарандарга убактылуу жатакана (хостел), тамак-аш түрүндө жардам берүүгө багытталарын белгилеп кетет.

Элчиликтин алдындагы штаб бөлүнгөн каражаттын ар бир чыгымдалган сому коомдук көзөмөлдө болот деп билдирет", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле анда жарандар кайрыла ала турган телефон номерлер көрсөтүлгөн.

Азыркы кырдаалга байланыштуу бардык маселелер боюнча расмий маалымат алуу үчүн элчиликтин күнү-түнү иштеген Call-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу чалып, кайрылуу калтырууга болот.
+7 (499) 237 43 01;
+7 (499) 237 44 61;
+7 (925) 387 41 27 – мобилдик (вотсап);
+7 (925) 387 45 97 – мобилдик (вотсап);
+7 925 103 29 11 – мобилдик( вотсап).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.04.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Казань шаарында жашаган кыргыздарга да барбы жардам. Урматту админ сураныч тактап бере аласыздарбы?
25.04.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо мага окшоп жумуш жок жаткандарга берилбейби?
25.04.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Zhoro,сага окшоп миллиондогон адамдар жумушу жок жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: