Президенттин Кубогуна арналган көк бөрү мелдешинде "Бөрүлү" командасы 3-орунду алды
Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк майрамына карата Бишкектин "Аккула" ат майданында КРнын Президентинин Кубогуна арналган көк бөрү мелдеши өтүп жатат. Алгач 3-орун үчүн ат салышуу болуп, "Бөрүлү" жана "Талас" командалары күч сынашты. Жыйынтыгында "Бөрүлү" атаандашын 7:2 эсебинде утуп, коло медалды багындырды. Ал эми баш байге үчүн "Суусамыр" жана "Кожомкул" командалары таймашат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.