Бишкекте өткөн сутка ичинде дезинфекциялоо иштерине 136 куткаруучу тартылды








Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде дезинфекциялоо иштерине 136 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
26-апрелде өлкө боюнча 26 миң 799 чарчы метр имараттын ичи, 52 миң 266 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 79 миң 65 чарчы метр аймак жана 873 миң погондук автоунаа жолдору дезинфекцияланып, иш-чарага 136 куткаруучу тартылган. Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө. Учурда дезинфекциялоо иштери уланууда.
112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 6 миң 105 чалуу катталып, анын ичинен 369 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.