super.kg logo

"Бейтаптарды дарылоону гана эмес, айыгып чыккандар менен иштөөнү дагы окутуп жатабыз". Жардамга келген кытай дарыгерлери иш үстүндө

 

Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ бир аптадан бери жергиликтүү дарыгерлерди окутуу иштерин жүргүзүшүүдө. Күн сайын бир нече саат аралыктан лекциялар өтүлүп, анда жугуштуу илдетке чалдыккандарды дарылоо ыкмалары, алдын алуу жана айыгып чыккан бейтаптар менен иштөө эрежелери үйрөтүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жаткан кытайлык дарыгерлер жергиликтүү медициналык кызматкерлердин жумушуна көз салышып, алардын аракетине оң деген бааларын беришүүдө.

“Биз Кыргыз өлкөсүнө кесиптештерибизге жардам берүү үчүн келдик. Бардыгыбыздын максатыбыз бир - жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу. Кытайда иштеп жүргөндө бул оору менен күрөшүүдө бир нече ыкмаларды иштеп чыкканбыз, жакшы натыйжа берген. Ал ыкма менен өз өлкөбүздө жана башка мамлекеттерде дарылоону ийгиликтүү жүргүздүк. Азыр кыргыз кесиптештер менен иштешип, аларга бейтаптарды дарылоону гана эмес, айыгып чыккандар менен иштөөнү дагы окутуп жатабыз. Мындан ары дарыгерлердин өзүн-өзү коргоосу боюнча сабактар өтүлөт. Баарыбыз бирге болсок гана бул ооруну жеңебиз”, - деди медициналык эксперттик топтун жетекчиси Хай Бу Нур Ю Шан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
25.04.2020. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба окутбасанар болбой калды.чыгып алып арканарды ачып коюп жатат дары ичпедик деп.жакшылап окуткула
25.04.2020. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен эч эле ишенбейм да ушуларга силер ишенип атасынарбы??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: