1945-жылдан бери биринчи жолу футбол боюнча Нидерланддар чемпиону аныкталбайт
Футбол боюнча Нидерланддар чемпиондугунун 2019-2020-жылдагы сезонунун чемпиону коронавирус пандемиясынан улам аныкталбайт. Бул тууралуу Эредивизинин (Улуттук чемпиондуктун күчтүү дивизиону) расмий сайтына жарыяланды.
Чемпиондуктун таблицасында биринчи орунда 56 упайы менен "Аякс" футболдук клубу жайгашкан. Экинчи орунда ушундай эле көрсөткүч менен "АЗ" командасы жайгашса, үчүнчү орунда 50 упайы менен "Фейеноорд" командасы орун алган.
Маалыматка ылайык, футбол боюнча Нидерланддар чемпиондугу 1888-жылдан бери өткөрүлүп келет. 68 жыл бою чемпиондук Нидерланддар футбол лигасынын чемпиондугу деп аталып келсе, 1956-жылы Эредивизи болуп негизделген.
Буга чейин 1945-жылы гана согуштун айынын өлкө чемпиону аныкталбай калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.