Акыркы бир сутка ичинде Нарын облусунда 14 кылмыш иши катталды
Акыркы бир сутка ичинде Нарын облусу боюнча 14 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев аталган аймактардагы абал тууралуу онлайн маалымат жыйын учурунда айтты.
"Акыркы бир сутка ичинде Нарын облусу боюнча 14 кылмыш иши катталды. Бул катталган кылмыш иштеринин бардыгынын бети ачылды жана анын ичинде өзгөчө оор, резонанс жараткан кылмыш катталган жок. Мындан сырткары коменданттык саат эрежесин бузган 5 жаран кармалды. Кармалган 5 жарандын бардыгы Ат-Башы районунда кармалды. Нарын шаарында коменданттык сааттын эрежесин бузгандар кармалган жок", - деп билдирди комендант.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.