super.kg logo
  Спорт  

"Мага машыгууга кайтып келиш оор болууда". Майк Тайсон кайрымдуулук үчүн рингге кайтат

 

Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири, дүйнөнүн мурунку чемпиону, америкалык Майк Тайсон үй-жайы жокторго жана баңгизатына көз каранды болгондорго жардам берүү үчүн өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, бир нече көрсөтмө беттештерди өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен машыгуу залына барып, кайрымдуулук үчүн көрсөтмө беттештерин өткөрүп, формама кайтып келем. Акча чогултуп, мендей болгон үйү жок, баңгизатына көз каранды болгон адамдарга жардам бергим келет", - деп билдирген Тайсон.

Мындан тышкары спорт менен машыгуу ага кыйын болуп жатканын кошумчалаган. "Мага машыгууга кайтып келиш оор болууда. Машыгуу учурунда үч бала мени тепкилегендей сезилип жатат", - деген ал.

53 жаштагы Тайсон карьерасын 2005-жылы ирландиялык Кевин Макбрайдга утулуп калгандан кийин токтоткон. Жалпысынан мушкер 50 жеңишке жеткен (алардын 44ү нокаут менен) жана 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.04.2020. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ринге чыкпай эле актер болуп кетсе болмок. Акчаны коп тапмак. Тайсонду любой режиссер фильмге тартмак.
26.04.2020. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996,Актёр болуш деле оной эмес болуш керек
25.04.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында пулду көп таап кайда иштетишти билбей баңгиликти урган экенсиңда канчалаган пулуң баңши затына кетти байбалгут тайсон
26.04.2020. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Telibaitentek,пул де ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: