Улуу Британияда коронавируска каршы вакцина 2 адамга сайылды
Улуу Британиядагы Оксфорд университети коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинаны каалоочуларга клиникалык сыноону баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ага өлкөнүн бир нече шаарынан миңден ашык киши катышат.
"Азыркы тапта 2 адамга инъекция жасалды. Окумуштуулар препарат ден соолукка зыян келтирбей тургандыгын жана COVID-19 вирусуна каршы иммунитетти пайда кыла аларын билүүнү максат кылып жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Коронавируска каршы вакцина табуунун үстүндө дүйнөдө көптөгөн лабораториялар иштеп жатат. Жакында эле Германия коронавируска каршы вакцинаны каалоочуларга сынай баштаганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Аамин