Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү май 1 сомго арзандады
Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасы болжол менен 1 сомго ылдыйлады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатовго билдиргенине таянып, жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга дүң баанын төмөндөп кетиши себеп болду. Майдын башында күйүүчү майдын наркы дагы 1 сомго түшүшү божомолдонууда.
Дизель майы 1 сомго арзандаса, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин айрым жерлерде 30 тыйынга, кээ бир май куюучу жайларда 1 сомго чейин арзандаган. Ал эми АИ-95 күйүүчү майы 1 сомдон 1 сом 70 тыйынга чейин ылдыйлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
-1

Кудайга шүгүр 1 сом болсо дагы арзандаганын.