super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирустан каза болгондордун саны 202 миң 832ге жетти

 

26-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 2 миллион 896 миң 633кө жетти. Алардын 816 миң 537 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 202 миң 832 бейтап каза болду.

АКШда 938 миң 72 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 100 миң 361 жараны айыкса, 53 миң 751 бейтап көз жумду.

Испанияда 223 миң 759 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 95 миң 708 бейтап ооруну жеңген, тилекке каршы, 22 миң 902 бейтап дүйнө салды.

Италияда болсо 195 миң 351 адамдан коронавирус аныкталып, 63 миң 435 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 26 миң 384 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: