Президент мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Бүгүн, 26-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон сапаттуу статистикалык маалыматтарды камсыз кылуу аркылуу сиздер маанилүү милдетти аркалап келесиздер.
Учурда сиздердин алдыңыздарга өлкөнүн калкын электрондук форматта каттоону өткөрүү жана санариптик технологияларды колдонуу менен жалпы ишмердикти кайра жаңылоо милдети коюлду. Бул ишти татыктуу аткарасыздар деп ишенем. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.