super.kg logo

4 миң сом жөлөк пул алат. Караколдо балдарын бага албай калганы үчүн жанын кыюуга аракет кылган аял тууралуу маалымат айтылды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында балдарын бага албаганы үчүн жанын кыюуга аракет кылган аял боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымат берди.

"М.В. аттуу аял Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Каракол шаарындагы башкармалыгынын каттоосунда турат. Ал ай сайын 4 миң сомдон жөлөк пул алат. Ошондой эле ага кошумча ай сайын 4 миң 900 сомдон балдарын жалгыз багып жатканы үчүн айлык берилет. Ушул жылдын январь айында ага 10 мүшөк көмүр берилген. Өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин ага азык-түлүктөн жардам берилип,16-апрелде ага бир мүшөк ун дагы берилген", - деп жазылат маалыматта.

Аялдын 5-6-класста окуган балдары бар. Ал эми окуя апрель айынын башында болгон. Аял биржада иштеген. Өзгөчө абал киргенден бери ал жумушсуз калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: