super.kg logo

"Сузакта бекер берилчү ун сатылып жатат". Тийиштүү орган териштирүү жүрүп жатканын билдирди

 

Учурда Москва шаарында жашаган активист Мирбек Үмөталиевге туулган жери Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу айылдарынын биринде жашаган жашоочулар бекер берилиши керек деген ун сатылып жатканын айтып кайрылган. Бул тууралуу Үмөталиев SUPER.KG порталына айтып, далил катары тургундардан келген аудио жазууларды жана сүрөттөрдү жиберди.

"Сүрөткө тартылган ун сатылбай, бекер берилиш керек экен. Бирок биздин Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүндө 10 кап ун 1 350 сомдон сатылыптыр. Айыл тургундары бул көрүнүшкө нааразы", - деп билдирди ал.

Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматына кабарлаштык.

Мекеме маалыматты четке кагып, бул тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатканын жана так маалымат эртең айтыла турганын билдирди.

"Бул боюнча тиешелүү тараптарга кайрылып, иликтеп чыгууну тапшырма катары бердик. Бекер таратылсын деген унду сатканга болбойт. Бул маалымат Каржы полициясына дагы айтылды, алар эртең аталган аймакка барып, жеринен көрүп фактыны аныкташат. Эгер чын эле ун сатылган болсо, жоопкерчиликке тартылып, чаралар көрүлөт", - деди маалымат кызматынын өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
26.04.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эгер чын болсо элдер ундун ордуна жеп тыштайт, элдин унун саткандарды.
26.04.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бул жардамдар чыныгы муктаждарга берилбейтат.бугун Оз козум менен кордум кошуна аялга алып келип берди ал бизден ойдо жашайт.андан башка эки кошуна чыныгы муктаж бири багар корору жок кемпир бири колунда жок инвалид аял ал экоо карап эле калып кетти
26.04.2020. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коркпой калышкан го. О
26.04.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жетимдер корпой ушул жердеда иштеп калып атабы олгучонду сатып бекер берген нерсени саткан акчанар озунорго буйрубай калса екен
26.04.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текшергендер баргы чекти сатып туготот
26.04.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карга карганын козун чокубайт.Оздору сата деле албаса керек ойдо жактагылардын долясы барда
26.04.2020. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баардык чындыкка дал келбейт,же тушундуруу иштерин жургуздук,анан кечирим сурады
26.04.2020. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутаттардын бизнеси да, сата бергиле мен бул жактан сүйлөшүп койом деди да
26.04.2020. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Текшерилсин. Айыл окмотунун да созун угалы. Анан жыйынтык чыгаралы. Аныгын так билбей туруп жабалактабайлы. Кантип эле бекер берилчу унду сатып жиберишсин. Кудайдан коркор. Мен деле айыл окмотто иштейм. Биздин айыл окмотко келген ундар тегиз эле элге таратылды. Дээрлик элдин копчулугу алышты. Айрым тургундарга карганда бир топ эле жакыр жашаган кызматкерлер (чынында муктаж) эртенки "айыл окмот кызматкери алды" деп айтылып кетчу создон коркуп, бир кап унга тийише алган жок.
26.04.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сатып жатканын далилдеп берседа иликтеп жатабыз деп айтат уялбай иликтеш кыйынбы койгулачы сатканын тан алгылада
26.04.2020. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору саттырып атса песнин иликтейт? Кембагал бечара сата албайт и колунан келет,сатыш учун чоон.от керек.
27.04.2020. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тешип эле чыгат ко элдин акысын жегенднрди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: