Коронавирустан айыккан Улуу Британиянын премьер-министри эртең жумушка чыгат
Коронавирустан айыккан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон эртең, 27-апрелде жумушка чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Борис Жонсон 24-апрелде өзүнүн кеңешчилери менен жолуккан. Премьер-министр милдеттерин аткарып жаткан тышкы иштер министри Доминик Рааб менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп турган.
Борис Жонсон 27-мартта коронавирус менен ооруп жатканы маалым болуп, ал өзүнүн резиденциясында изоляцияда жаткан. Кийинчерээк анын дене табы жогору болуп, жөтөлү кетпей жаткандыктан, Жонсонду дарылап жаткан дарыгердин сунушу менен ооруканага жаткырылган. Ал 12-апрелде айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.