Казакстанда аялдар колониясы карантинге жабылды
Казакстандын Алматы облусундагы аялдар колониясы карантинге жабылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кылмыш-аткаруу кызматынын тараткан маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кош бойлуу аялдан коронавирус аныкталган. Алматы облусундагы Жаугашты айылындагы аялдар колониясында кош бойлуу аял төрөткө даярдык көрүү максатында эки ирет борбордук райондук ооруканага көрүнгөн. Кийинчерээк ал көрүнгөн Илийск районундагы оруканадагы бейтаптардан коронавирус жуктургандар чыккандыктан, оорукана карантинге жабылган. Ага байланыштуу кош бойлуу соттолуучуну өзүнчө бөлүмгө которушкан. Бирок аны төрөтканага жаткыруу алдында текшерүүдөн коронавирус илдетин жугузганы аныкталып, "Тез жардам" кызматы менен борбордук райондук ооруканага жеткирилген. Аны менен байланышта болгон башка соттолуучулардан анализ алынып, алар атайын жугуштуу оорулар үчүн изоляторго киргизилгени айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
keba300989
27.04.2020. 09:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрмөдөда туйберишеби
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















