super.kg logo

Пакистанда дарыгерлер иш таштады

 

Пакистандын Пенжаб аймагынын дарыгерлери иш ташташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлери коронавируска каршы күрөшкөндөргө берилген коргоочу кийимдеринин сапаты начардыгын айтып чыгышкан.

"Акыркы сутка ичинде Пакистанда 100 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. Мунун баары сапатсыз жабдуунун айынан", - деп билдирген жаш дарыгерлер ассоциациясынын Пенжабдагы жетекчиси Салман Хасиб Чодри.

Буга чейин Пакистандын Балужистан провинциясындагы медицина кызматкерлери да коргоочу кийимдер жетишисиз экенин айтып, нааразычылыгын билдиришкен. Акцияга чыккандарды полиция кармап, кайра бир нече сааттан кийин бошоткон.

Расмий маалыматтарга таянсак, вирусту жуктургандардын жалпы саны 13 миңге жетсе, алардын ичинен 269 адам көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
27.04.2020. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура кыласынар, окмот иштегенге шарт тузуп бербесе, жарандар профилактикалык иштерге моюн сунбаса
27.04.2020. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошондо биздин молдолор Пакистандын дарыгерлеринин формасын кийип журушобу э, окшош экен.
27.04.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02, оздоруно жетпей атса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: