2019-жылдын эң көп киреше алып келген тасмасы аталды
Адистер 2019-жылдын эң көп киреше алып келген тасмасын аташты. Бул тууралуу Deadline порталы жазып чыкты.Маалыматка ылайык, адистер эсептөөлөрдү жүргүзгөндө, жарнама үчүн кеткен чыгымдарды жана башка факторлорду да эске алышкан.
"Өч алгычтар: Финал" тасмасы эң көп киреше алып келген тасма аталды. Аталган тасма жаратуучуларга 890 миллион доллар киреше алып келген, ал эми тасманын бюджети 356 миллион долларды түзгөн.
Экинчи орунду "Муздак жүрөк - 2" мультфильми ээлеген. Ал 599 миллион киреше алып келген. Үчүнчү орунда өзүнүн 580 миллион доллар кирешеси менен "Падыша Арстан" ("Король Лев" ) тасмасы турат. Алдыңкы ондука "Жокер", "Капитан Марвел", "Оюнчуктардын окуясы - 4", "Аладдин", "Жөргөмүш адам: Үйдөн алыста", "Жуманжи: Жаңы деңгээл" тасмалары кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Aktilek.kg.98
27.04.2020. 10:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер кудалар жокбу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















