super.kg logo

Италияда карантиндин эрежелери жумшартылат

 

Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жыйын учурунда 4-майдан тартып карантиндин эрежелери жумшарарын айтты. Бул тууралуу италиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Конте өлкө коронавирус менен күрөшүүдө "экинчи баскычка" өтүп жатканын билдирген. Аталган баскыч 17-майга чейин созулат.

"Биз вирустун кайра жайылып кетүү коркунучунан качышыбыз керек. Сиздер коопсуздук эрежелерин так сакташыңыздар абзел. Вирус менен жашоонун жалгыз бир жолу бул аралыкты сактоо. Сиздер Италияны жакшы көрсөңүздөр, вирустун жайылып кетпешине көмөк көрсөтүңүздөр", - деп билдирген өкмөт башчы.

Премьер-министр 4-майдан тартып тиешелүү аймактарга чыгууга уруксат берилгенин айткан. Башка аймактарга ден соолукка же жумушка байланыштуу зарыл иштер болгондо гана чыкканга уруксат берилет.

Ресторандар тамакты өзү менен алып кетүүгө гана ачылган. Мындан сырткары шаардын сейил бактарына чыгууга жана акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүгө уруксат берилет, бирок ал жакта 15 кишиден ашык чогулбоосу керек.

Ошондой эле 4-майдан тартып курулуш жана өндүрүү иштери жанданат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: