super.kg logo

2019-жылы АКШнын аскердик бюджети Орусияныкына караганда 11 эсе көп болгон

 

2019-жылы АКШнын аскердик чыгымдары 5,3 пайызга көбөйүп, жалпы 732 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу Стокгольм шаарындагы Тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) расмий сайтына жарыяланганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Бир жылдын ичинде Америка Кошмо Штаттары коргонуу муктаждыктарына 5,3 пайызга көбүрөөк чыгым кылган. Алардын дүйнөлүк аскердик чыгымдардагы үлүшү 38,13 пайызды түзөт.

АКШдан кийинки экинчи орунда Кытай дээрлик үч эсе артта турат. Бул өлкөнүн аскердик чыгымдары 261 миллиард долларды түзүп, 5,1 пайызга көбөйгөн. Кытайдын дүйнөлүк аскердик чыгымдардагы үлүшү 13,59 пайызды түзөт.

Үчүнчү орунду Индия 2019-жылы 71 миллиард доллар сарптоосу менен ээлеп, 2018-жылдан берки эң жогорку өсүштү көрсөтүп, 6,8 пайызга өскөн. Индиянын дүйнөлүк аскердик чыгымдардагы үлүшү 3,7 пайызды түздү.

Орусия төртүнчү орунду ээледи. Өлкөдө аскердик чыгым 65 миллард 100 миллион долларды түздү, ал эми жыл ичинде өсүш 4,5 пайыз. Дүйнөлүк чыгымдардагы Орусиянын үлүшү 3,39 пайызды түзөт.

Бешинчи орунга Сауд Арабиясы 61 миллиард 900 миллион доллар сарптоосу менен жайгашкан.

Маалыматка ылайык, Стокгольмдагы Тынчтыкты изилдөө институту (SIPRI) эл аралык аскердик чыгымга байланыштуу маалыматтын эң беделдүү булактарынын бири болуп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуулор эми согушуп корбойсунорбу.Согушсанар деле кайран кыргыз тебетейин кийип колуна таяк карматып айдасанар керек,кембагал болсон шорун ошо да))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: