"Таштанды таштоочу урналардын жанында кийимибизди алмаштырабыз". "Тез жардам" кызматында иштеген кызматкер кандай шартта иштеп жатканын айтты
Интернетке "Тез жардам" кызматында иштеген кызматкердин "ачык асман алдында таштандыларды таштоочу урналардын жанында кийимибизди алмаштырабыз" деген видеосу тарады. Видеонун автору Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага коронавирус аныкталган бейтап менен байланышта болгон жаранды алып келгенин айтат.
Ошондой эле кызматкер "Тез жардам" унаасы таштанды ташталуучу жерге токтотулуп, жууларын билдирип, медициналык кызматкерлер таштанды салынган урналардын жанында кийимдерин (атайын формасын) алмаштырарын кошумчалаган.
"Ачык асман алдында таштанды салынуучу урналардын жанында кийимдерибизди алмаштырабыз. Ошондо биз коомдун калдыктары болуп калат экенбиз да", - дейт автор.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.