super.kg logo

Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылды

 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу коңшу Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майга чейин узартылды.

Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жоомарт Токаев айтканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

"Элибиздин азыркы абалына байланыштуу мен өзгөчө абал режимин 11-майга чейин узартуу тууралуу жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Бул биз баштан өткөрүп жаткан кырдаалдын талабы.

Казакстан коронавирустун туу чокусуна чыга элек. Мындан улам кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн деген коркунуч бар. Тилекке каршы, айрым аймактарда, биринчи кезекте Алматыда дарыгерлер менен медицина кызматкерлеринин көпчүлүгүнө коронавирус жуккан. Медициналык персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. Себептерди кылдат талдап, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин аныктоо жана мындай кырдаалдын кайталанышына жол бербөө керек.

Карантин чараларын бир убакта алып салсак, биз оорунун жаңы толкунуна туш болобуз. Оорунун коркунучу азайбайт. Коронавирус өтө жугуштуу жана адам ден соолугуна олуттуу коркунуч туудурат. Аны дээрлик бүткүл дүйнө билип жана сезип турат. Бул чечим учурдагы татаал чындыкка байланыштуу. Мыйзамга ылайык, эпидемиянын жаңы жапырт чыгышына жол берилбесе, өзгөчө абал 11-майда бүтөт", - деп кошумчалаган президент.

Акыркы учурга алынган маалыматка ылайык, бүгүн, 27-апрелде Казакстанда дагы 11 адамдан вирус аныкталып, жалпы сан 2791 адамга жетти. Алардын ичинен 682 жаран илдеттен сакайып чыкса, 25 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
27.04.2020. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми биздикилер да туурайт экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: