Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнү токтото баштады
ОПЕК+ келишими күчүнө киришин күтпөстөн Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнү кыскарта баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Арабдар суткасына 8 миллион 500 баррел өндүрүп чыгуу көрсөткүчүнө май айына чейин эле түшөт өңдөнөт.
Буга чейин Кувейт, Алжир жана Нигерия дагы 1-майды күтпөстөн, мунай өндүрүүнү кыскарткан. Алар бул чечимин мунайга болгон суроо-талаптын жоктугу жана аны сактоочу жайлардын жетишсиздиги менен түшүндүрүшкөн.
Өндүрүүчүлөр май айындагы фьючерлер менен болгон көрүнүш дагы кайталынышы мүмкүн деп чочулашууда. Анда мунайдын баррели минус 40 долларга чейин түшүп кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Ошол нефтини чоңдору өз чөнтөгүнө салып албастан, элин-жерин ойлоп иштеген чоңдоруна рахмат. Биздикилерге окшобой.