super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Өкмөт кайра калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндөгү мыйзамдын алкагындагы иш-аракеттерди кечеңдетип жатат"

 

Депутат Кожобек Рыспаев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, "Улуттук энергетикалык холдинг" башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров менен онлайн баарлашуу өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында энергетика жана тоо-кен тармагындагы абал талкууга алынып, учурдун урунттуу көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Депутат Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына түздөн түз таасир тийгизүүчү маанилүү тармактар энергетика жана тоо-кен тармагы экенин айтты. Ал тиешелүү мекемелердин жүргүзгөн иш-аракеттерине жана кызматкерлердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу маселелерине токтолду.

Ошондой эле Рыспаев төлөнбөгөн электр энергиясы үчүн туум албай туруу зарылчылыгын кошумчалады. "Быйыл суу жетишсиздиги болору айтылууда. Ал эми өкмөт кайра калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндөгү мыйзамдын алкагындагы иш-аракеттерди кечеңдетип келет. Тез арада бул жаатта тиешелүү иштер жасалышы керек", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: