super.kg logo

Билим берүү министрлиги райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн конференция өткөрдү

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн конференциясын өткөрдү. Жыйында дистанциялык окутуунун жүрүшү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Министр дистанциялык окутуунун алгачкы аптасында мугалимдер жана окуучулар жаңы форматта биргелешип иштөөнү өздөштүрсө, кийинки аптада мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүшүп, ар бир педагог чыгармачылык менен изденип, дистанциялык билим берүү процессин жакшы жолго коюп баратышкандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

“Мугалимдерибиздин эмгегин баалап, азыр баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезип жатат. Педагогдорубуздун жоопкерчиликтүүлүгүнөн, күнү-түнү иштеген мээнеткечтигинен коомдо кадыр-баркы жогорулап баратат.

Дистанциялык окутуу – мугалим, окуучулар менен бирге көпчүлүк ата-энелердин да санариптик сабаттуулугун арттыра баштады. Бул жакшы көрүнүш. Азыр биз башыбыздан өткөрүп жаткан билим берүү процессин терең анализдеп, алгылыктуу жактарын алып, кемчиликтерин түздөп, алдыга кадам шилтешибиз керек”, - деп билдирген Исаков.

“Жаңы окуу жылынан тарта дистанциялык окутууну окуучуларыбызга кошумча билим булагы катары киргизүүнү пландап жатабыз. Каалаган окуучулар мектептеги сабагынан кийин, ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылат. ЖРТга, PISAга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн сабактарды сунуш кылабыз. Көп тилдүүлүк боюнча, IT технология боюнча жана түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү онлайн-курстарды иштеп чыгабыз деген максатыбыз бар”, – деп кошумчалады министр.

Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ушуну менен төртүнчү ирет шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн конференция өткөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: