Бишкек шаарынын коменданты географияны мыкты билген үйсүз адамга жардам берүүнү чечти
Буга чейин социалдык тармактарда географияны мыкты билген адам тууралуу видео тараган.
Аталган видео социалдык тармактарда кеңири тарап, кызуу талкууга алынган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар аталган киши айрым аткаминерлерге караганда так жана туура сүйлөрүн баса белгилешкен. Ал эми айрым колдонуучулар селсаяк билгенчелик мамлекеттердин борбор шаарларын билбей тургандыгын моюнга алышкан.
Бүгүн Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ал дагы мектепте окуп жүргөн мезгилде география сабагына өтө кызыкканын жазды. Ошондой эле ал ошол адамдын сүрөтүн жарыялап, ага жардам бергиси келип жаткандыгын кошумчалаган. Ал интернет колдонуучуларынан видеодогу адам кайсыл жакта жүргөнү тууралуу билдирүү таштап коюну суранган.
Видеодогу адамдын аты Кайрат экени ал кичинекей кезинен географияга кызыкканы жана ал Кант шаарында жүргөндүгү тууралуу маалымат да тараган.

