super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Сокулук районундагы майрамдык иш-чарага катышты

 
Бүгүн, 31-августта парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сокулук районунун борборунда эгемендүүлүктүн 22 жылдыгына байланыштуу өткөн иш-чарага катышып, район элин куттуктады.

Депутат өз сөзүндө 31-августту улуттук ар-намыстын, жеке ар бирибиздин сыймыгыбыздын, жоопкерчилигибиздин күнү катары белгилеп, Кыргызстандын соңку тарыхында жаңы темир жол, унаа жолдорду салуу пландаштырылып, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздоо ишке ашырылып, көз карандысыздык дагы да бекемделе баштаганын билдирди. Ал “эгемендик – жалпы элдин, ар бирибиздин майрамыбыз” деп Кыргызстандын келечегинин кең болушун тилеп, Сокулук районунун элине бакубат турмуш, байгер жашоо каалады.

Майрамдук иш-чара көз карандысыздыкка багытталган концерт, ар кандай оюн-зооктор менен коштолду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: