super.kg logo

Кытайда коронавируска байланыштуу каникулдан кийин окуучулар мектепке барып башташты

 

Дүйшөмбүдөн тарта Пекинде жана Шанхайда он миңдеген окуучулар мектепке барып башташты. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Шанхайда орто жана жогорку мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн сабактар ​​кайрадан башталат. Пекинде болсо быйыл университетке өтүү үчүн экзамен тапшыра турган жогорку класстын окуучуларына гана мектепке келүүгө уруксат берилди.

Кытайдагы бардык мектептер январь айында коронавирус инфекциясы күч алганда эле жабылган. Март айынан баштап өлкөнүн айрым райондорунда акырындык менен окуу жайлары ачыла баштаган. Коронавирустун жайылышынын очогу болгон Уханда 6-майда орто мектептердин ачылышы күтүлүүдө.

Коронавирус эң алгач Ухан шаарында 2019-жылдын декабрь айынын аягында катталган. Бул вирус Кытайдан тышкары дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кулачын кенен жайды. Март айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: