28-апрелден баштап өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн
Эртеңден баштап, тагыраагы, 28-апрелден тарта өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
29-30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
1-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
2-майда күндүз айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
29-апрелден 3-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Талас облусунун айрым райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
29-30-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө.
1-майда түнкүсүн айрым райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
2-майда Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.
29-30-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
29-апрелде күндүз айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-30-апрелде кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.
30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 29-30-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
28-апрелде жана 29-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
29-апрелде күндүз жана 30-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
1-майда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
1-майда күндүз жана 2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-апрелде күндүз жана 29-30-апрелде айрым райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

