super.kg logo

"АКНЕТ" компаниясы Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын жашоочуларына жардам көрсөттү

 

Урматтуу достор, биз мындай кыйын кырдаалда четте карап турбай жардамга муктаж болгон адамдарга колдоо көрсөтөлү деп чечтик. Бүгүн "АКНЕТ" компаниясы Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын жашоочуларына жардам көрсөттү.

Компания жардам көрсөтүү үчүн жалпы 750 000 сом бөлгөн. Бул каражаттын жардамы менен 500дөн ашык үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Өтө муктаж болуп жаткан үй-бүлөлөрдүн даректерин жана алар тууралуу маалыматты Бишкек шаардык мэриясы берди. Жардамдарды даректерге компаниянын жумушчулары жеткирип беришти.

Мындан сырткары өлкөгө өзгөчө абал киргенден тарта компания элге жана мамлекетке ар кандай жардам көрсөтүүдө. Айтсак, коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке 1 000 000 сом которулган. Азыркы тапта алдынкы катарда туруп, өзүнүн жанын тобекелдикке салып жаткан медицина кызматкерлеринин үйлөрүнө жеткизүү үчүн транспорт бөлүнүп берилген, укук коргоо органдарына уюлдук телефондор менен камсыз кылынган. "Манас" аэропортунда жайгашкан карантиндик аймактарга байланыш түзүлгөн.

Ошондой эле блокпосстордо турган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, медициналык жайларга жана азыркы тапта иш алып барып жаткан шаардык кызматтар тамак-аш менен камсыз болгон.

Башына кыйын күндөр түшкөн элдин жүгүн бир аз да болсо жеңилдете алдык деп ишенебиз. Биз чогуу гана жеңебиз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.04.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыраазы болсун!!!Кайрымдуу адамдар коп болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: