super.kg logo

"Сапар Исаков жактоочуларына жолугуу укугунан ажыратылды" дейт жактоочу (видео)

 
Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жактоочуларына жолуга албай калды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочунун айтымында, бүгүн, 27-апрелде ал кесиптеши, жактоочу Бакыт Автандил уулу менен аталган абакка барышканда, пандемияга байланыштуу бардык жолугушууларга тыюу салынганын билишкен.
"Биз 55 чакырым жолду өтүп, Сапар Исаков менен Тарых музейин реконструкциялоо боюнча иштин алкагында маанилүү жагдайларды сүйлөшүү үчүн барганбыз. Тилекке каршы баргандан майнап чыкпады, себеби бизге 2020-жылдын 1-апрелинде чыккан буйрук күчүнө киргенин айтышты. Ага ылайык, абактагылар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу жактоочулары жана жакындары менен кезиге алышпайт экен. Бирок бул буйрук абактарда жана тергөө жайларында жаткан жарандардын юридикалык жардам жана соттук коргоо алуу боюнча конституциялык укугун бузуп жатат. Эгер буга жараша соттук отурумдар дагы токтотула турса, коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен жарандын укугунун бузулушу тууралуу кеп болмок эмес. Учурда сот процесстери жүрүп жатат, бирок жактоочулар алар коргоп жаткан жаран менен жеке жолугуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылды. Андыктан жактоочуларга өз жакталуучуларына кезигип турууга мүмкүнчүлук берүү тууралуу ЖАМКка кайрылуу жолдодум" , - дейт жактоочу.
Маалым болгондой, 23-апрелде мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкектеги СИЗО-1ден Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которулган. Ал Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу иш боюнча эки инстанцияда тең күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.





Жактоочу: "Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен абактан жолугуушуга мүмкүнчүлүк беришкен жок"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
27.04.2020. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне мынча создуңар сапыны да кыйнадыңар ары бери түрмөдөн сотко тартып жүрүп мүлкүн конфискациялап эле өзүн камерада тынч койгула да эс алсын да 600$ атишин колуна бергиле зээрикпей ойноп турсун 15 жыл көп иштеди көп жеди
28.04.2020. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыргызстан болсо Сапар менен Атамбаевдин кесепетинен 111 млн. доллардан ажырады. Кыштын кыраан чилдесинде уйундо ушуп отурду.
28.04.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gitaris93, Туура Сапар кымырып кеткен 111 млн доллар элдин акчасы эле ошону кустуруш керек!
Alimbek1000 түзөттү 2020-04-28 11:38:28
27.04.2020. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Саясий кысым Сапарга көрүнүп эле турат
28.04.2020. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kuban-1207,ашага ишенип жеп тойушту эми жатып синиришсин 15 20 жыл
28.04.2020. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кылмышка шектуу адвокатына жоолуга албаса бирок ошол эле кезде сот процесстери уланып шектууго карата айыбы угулуп жаткан болсо анда тукурдум бийликтин бетине жана сотторго.
28.04.2020. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Күнөөлүү болсо камалыш керек чукусаңар 120 кой дагы камалат алар камалбаш үчүн айдаган жагына кетип жатат
28.04.2020. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaznura, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
28.04.2020. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар жаш болсо да мамлекетти тоногонго шыктуу шылуун экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: