super.kg logo

Карантинде отуруп көркөмүнө көз чаптыра албай калдыңызбы? Бишкектеги сулуу жаздын сүрөттөрүн көрүңүз (асмандан көрүнүшү)

 

Өлкөнүн айрым аймактарына өзгөчө абал, дагы башка региондорго өзгөчө кырдаал киргенинен бир айдан ашык убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында адамдардын мурдагыдай эркин сейилдеп жүрүүсүнө коронавируска байланыштуу тыюу салынган. Бирок жаратылыш өз мыйзамдарын бузган жок, учурда жаздын эң көркөмдүү учуру. Көпчүлүк бул мезгилде сейил бактарда, жаратылыш койнунда эс алып, айлананын кооздугуна суктанчу. Бул жазда бир катар шаар, райондор менен катар Бишкекте да андай болгон жок. SUPER.KG порталы карантинде отурганда шаардын кандай өзгөргөнүнө көз чаптырды.

Көчөдө унаалар жүрүп жатканы менен сейил бактардан жашоочуларды дээрлик кезиктире албайсың. Ар бир сейил бакка кирерде тартип сакчылары текшерүүгө алышууда. Бишкектеги "Жеңиш" сейил багында сугатчы болуп иштеген Рыскелди Керимбердиевди кезиктирдик. Ал сейил бак эл жок болгонго караганда, элдин көптүгү менен көркөмдүү болчу дейт.

"Эл карантинде отурат, бирок биз демейдегидей эле жумуштабыз. Иштебей койсок, бак-дарактын баары саргайып, куурап калат. Азыр сейил бак эң кооз учуруна келди, аттиң, ушул учурда эл келип, эс алса кана деп калам. Бирок аман-эсен карантинден чыгып алсак, башкы жеңишибиз ошол", - деди ал.






Жаратылыш мыйзамдары өз нугунда. Бишкектеги жаз

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
27.04.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силер ушинтип сүрөт жүктөгөн сайын биздин көчөгө чыккыбыз келип жатат)))
28.04.2020. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Субботнике чыккыла десе, баары чуркап чыкмак да азыр, шыпыргысын көтөрүп алып!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: