Күйөөңүз үй ишине кол-кабыш кылбайбы? Австралиялык айымдан лайфхак

Австралиялык аял күйөөсүн алдап, 3 жыл бою үй иштерин жасатып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ребекка аттуу айым Фейсбуктагы баракчасына эркекти кантип иш кылдыруу боюнча лайфхак менен бөлүшкөн. Ал арзан телефон, номер сатып алып, ал номерди өзүнүн телефонуна ижара ээси деп сактап койгон. Ага үй иштеринде жардам керек болгондо, дароо экинчи телефондон өзүнүкүнө ижара ээси катары СМС-билдирүү жөнөтүп койгон. Билдирүүдө алар жашаган үйдүн абалын текшерүү үчүн кожоюндун бара турганын жазып койчу. Андан соң ал СМС-билдирүүнү күйөөсүнө көрсөткөндө, ал ишенип, аялы айткан жумушту аткарып келген. Ошентип амалкөй аял 3 жыл бою күйөөсүнө үй иштерин жасатып келген. Кандай жумуштар дейсизби? Короодогу чөптөрдү тегиздөө, эмеректердин ордун которуу жана үйдү тазалап-жыйноо. "Жолдошум мыкты ата, балдар менен көп убакыт өткөрөт. Бирок үй иштерине жардам бербейт", - деп жазган Ребекка. Фейсбук колдонуучулары анын идеясын гениалдуу табылга деп баалашкан.

Негизи эле ХХХХ эркектерди алдаш оңой.Чыныгы мырзалар айттырбай эле баарын кылып коет.Жана чыныгы эркектер алданбайт.
Колуңда туруп билбейсиң,камчыдан өткөн курал жок
Койнуңда жатат билбейсиң катындан өткөн душман жок.
Аялды меенет чырмаса,күйөөсүнө тап берет дейт
Жардам бергендик бул-подкаблучник болуп калуусу эмес,чын журоктон бири бирине куйумдуу болуу деп тушуном.