super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: Президенттин Кубогун "Суусамыр" командасы илип кетти

 
31-август, 2013-жыл. Президенттин Кубогу үчүн өткөн көк бөрү мелдешинин финалдык оюунуна ат майданды даярдоо
31-август, 2013-жыл. Президенттин Кубогу үчүн өткөн көк бөрү мелдешинин финалдык оюунуна ат майданды даярдоо
Президенттин Кубогу үчүн "Суусамыр" (көк форма) жана "Кожомкул" (сары форма) командаларынын таймашы башталды
Улак тартыш чү дегенде эле кызуу башталды. Улакчылар күү менен талаа четине чейин чыгып кетип жатышты
Көк бөрүнүн күйөрмандары көп экенин бул кадр айгинелейт
Алгачкы кооптуу учурду "Кожомкул" командасынын оюнчулары жаратты
Топту жарып кирген күлүктүн жардамы менен балбан жерде жаткан улакты эңип алууда
Улакты такымга баскан балбан тай казанды көздөй чаап баратат...
Тай казандын жанында минтип ээрден шыпырылып түшүүлөр көп болот
Аттар тер алып, балбандардын дене-бою жазылып, оюн кызып калган учур
Аттар тер алып, балбандардын дене-бою жазылып, оюн кызып калган учур
Аттар тер алып, балбандардын дене-бою жазылып, оюн кызып калган учур
Аттар тер алып, балбандардын дене-бою жазылып, оюн кызып калган учур
Мындай учурда утуш аты мыкты, билеги жоон оюнчу тарапта болот
Командада бирөө улакты алып качса, аны атаандаш оюнчулардан коргоп, тай казанга чейин жеткирүү ошол командадагы башка оюнчунун милдети. Бул жерде да бири-бирин колдоп бара жатат
"Суусамыр" командасынын эсебине 1 упай жазылды
Көк бөрү өтө кооптуу оюндардын бири. Мындай жыгылуулар таймашта көп болот
Аттар бири-бирин жөөлөшүп, балбандын улакты илип кетишине жол ачып беришет
Мындай балбан аттар болмоюнча мен кыйынмын деген улакчынын да иши жүрүшпөй турганы белгилүү
Мындай балбан аттар болмоюнча мен кыйынмын деген улакчынын да иши жүрүшпөй турганы белгилүү
Көк бөрү улакчыларга гана эмес анын күйөрмандарына да кээде коркунуч жаратат
Мелдештерге катыша берип аттар да кандай чуркап, кандай басышты үйрөнүп калган
Булчуңдар чыңалып турган учур
Көк бөрү өтө кооптуу оюн. Мындай жыгылуулар таймашта көп болот
Атын теминген улакчы атаандашынын жолун тосууга баратат
Улак тартыш айыгышкан мүнөздө өттү
Улак тартыш айыгышкан мүнөздө өттү
Улак тартыш айыгышкан мүнөздө өттү
"Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт" деген ушу
Көк бөрү өтө кооптуу оюн. Мындай жыгылуулар таймашта көп болот
Жан ширин да...
"Кожомкул" канчалык аракет кылса да тай казанга 2ден ашык улак таштай албады
"Кожомкул" канчалык аракет кылса да тай казанга 2ден ашык улак таштай албады
"Кожомкул" канчалык аракет кылса да тай казанга 2ден ашык улак таштай албады
Күйөрмандар футболдо эле эмес, көк бөрүдө да көп
Жеңүүчүнү күтүп турган Президенттин Кубогу
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Мурат Саралинов улакчыларга сыйлык тапшырууда
"Суусамыр" командасынын капитаны Нурмамбет Койчукеев Президенттик Аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевден Кубокту алууда
"Суусамыр" командасынын капитаны Нурмамбет Койчукеев Кубок менен
"Суусамыр" командасынын курамы
Мелдеште коомдук коопсуздукту көзөмөлгө алгандар
КРнын Көк бөрү федерациясынын президенти, ЖКнын депутаты Канатбек Исаев (сол жактан үчүнчү), Президенттик Аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев (кызыл галстукчан), Дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Мурат Саралинов (оң жактан төртүнчү) жана башкалар
Мелдеш учурунда лотерея ойнотулду
Мелдеш учурунда лотерея ойнотулду
Мелдеш учурунда лотерея ойнотулду
Лотереядан Хонда Фит автоунаасын утуп алган тургун Максат
Лотереядан Хонда Фит автоунаасын утуп алган тургун Максат унаасына отурууда
Максат үйүнөн жөө келип, минтип автоунаа минип кетти

Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Аккула" ат майданында КРнын Президентинин Кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин финалы болуп өттү. Анда "Кожомкул" жана "Суусамыр" командалары улак тартышты. Жыйынтыгында 6:2 эсеби менен "Суусамыр" командасы жеңүүчү болуп, 1 миллион сомду илип кетти.  

2-орун - "Кожомкул" командасы, байгеси 600 000 сом

3-орун - "Бөрүлү" командасы, байгеси 400 000 сом 

4-орун - "Талас" командасы, байгеси 150 000 сом 

5-орун - "Тынай-Суусамыр жаштар" командасы, байгеси 80 000 сом 

6-орун - "Бүркүт" командасы, байгеси 50 000 сом 

7-орун - "Кара-Балта" командасы, байгеси 35 000 сом.   

 

Иш-чаранын жыйынтыгында сыйлыкты команда капитандарына Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев тапшырды. Мелдеш учурунда лотерея да ойнотулуп, аягында №0010836 билетинин ээси Максат аттуу жаран башкы сыйлык Хонда Фит автоунаасын утуп алды.  

 

"Суусамыр" командасынын курамы жана минген аттарынын кличкалары төмөндө (көк форма):  

 

1. Нурмамбет Койчукеев, команда капитаны. Минген күлүгү - Лексус. 

2. Кубаныч Султан уулу, күлүгү - Байтур 

3. Тыныч Алыбаев, күлүгү - Мырзатору 

4. Тилек Мукаев, күлүгү - Соң-Көл 

5. Нурбек Юсупов, күлүгү - Холдинг

6. Айбек Иманалиев, күлүгү - Махно

7. Аскат Аскаров, күлүгү - Роналдо 

8. Мирлан Рысалиев, күлүгү - Граф

9. Азат Насыпбеков, күлүгү - Айтумар

10. Эрмек Шекитов, күлүгү - Эрке тору

11. Азат Бейшеналиев, күлүгү - Бумер

12. Жолдош Осмоналиев, күлүгү - Телтору. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
31.08.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamattar! baygener kut bolsun!!!
01.09.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде жарайсынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: