Кыргыз паспорттору эми Германияда жасалат
Кыргыз өлкөсүндө биометрикалык паспортко бланктарды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендерди германиялык "Mühlbauer ID Services GmbH" компаниясы утуп алды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган компания өз кызматтары үчүн 655 миллион 645 миң сом сунуш кылган. Мекеме биометрикалык паспорт басып чыгарууга 973 миллион 123 миң 500 сом бөлүүгө даяр экенин билдирген.
Тендер ушул жылдын 26-февралында жарыяланып, арызды кабыл алуу 19-мартта аяктаган. Жыйынтыгы 27-апрелде чыкты.
"Mühlbauer ID Services GmbH" компаниясы жалпы жарандык паспорттун биометрикалык түрүн чыгаруу боюнча тендерге 2018-жылы да катышкан. Анда литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок 2019-жылы Жогорку Сот тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.










1 |