Талас эмне үчүн "таза" бойдон? Министрликтин жообу
Бүгүн, 28-апрель саат 10:00дө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берди. Анда "Талас "таза" бойдон калууда, бүгүнкү күнгө чейин коронавирус катталган жок, кандай чаралар көрүлдү?" деген суроо берилди.
"Талас облусунда бүгүнкү күндө абал туруктуу. Облуста чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор деле болгон. Бирок көпчүлүгү Бишкек шаарында болуп, оорулууларды убагында аныктап, алар менен байланышта болгондорду убагында обсервацияга алганга жетишип калдык. Экинчиден, аталган облуста көзөмөл катуу жүргүзүлдү. Облустук штаб өзүнүн ишин жакшы аткарып жатат. Бүгүнкү күндө Таласта дагы алдын алуу иштери улантылууда", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
5

Жатат , маскасы жок эч жака кире албайсын охраналар катту текшерип жатышат, кудо эшике чыпагыла деп сайрап кочомо кочо кыдырып журушот.. кудайдан болуп ушу жаман оору келбесе экен